Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында 2018-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча маселе каралды. Баяндаманы финансы министри Бактыгүл Жээнбаев жасады.
"Кыргыз өлкөсүнүн Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2018-жылдын январь, декабрь айына карата ички дүң продукциясынын анык өсүшү 103,5 пайызды түзөт. Республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча 2018-жыл үчүн бюджет 135 миллиард 5 миллион сом киреше болсо, 141 миллиард 9 миллион сом ченемде чыгымдардын натыйжасында 6 миллиард 5 миллион сом суммасындагы тартыштык менен аткарылган. 2018-жылга салыштырганда мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы болжол менен үч эсе азайган", - деди Жээнбаева.
Мындан сырткары, салыктык кирешелердин республикалык бюджети 103 миллиард 7 миллион сомду түзгөн.