2018-жылы айрым тармактар боюнча бюджеттик план аткарылбай калган. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов билдирди.
"Мисалы, түз инвестиция тартуу планы 76 пайызга гана аткарылды. Ал маселе өкмөттүн жыйынында каралып, бир катар министрликтер менен мекемелерге тийиштүү чаралар көрүлдү. Анын ичинде Финансы министрлиги да бар", - дейт
Депутат Умбеталы Кыдыралиев Жогорку Кеӊеш өкмөт өтүнгөн келишимдерди такай ратификациялап берип келе жатканын эске салып, өкмөт инвестиция тартуу жаатында өтө начар иштеп жатканын белгиледи. "Мисалы, гранттык каражаттардын ар биринин жумшала турган багыты бар. Мугалимдердин эмгек акысын көбөйтүүгө Орусиядан 30 миллион доллар жана Азия өнүктүрүү банкынын 50 миллион доллар гранты жумшалары тууралуу маалымат бар. Демек, чыгымды жабуунун туруктуу каржы булагы жок экен да", - деди Кыдыралиев.
Алмазбек Азимов мындай маалымат туура эмес экенин, маалымат каражаттары бул маалымат кайра такталганын билдирди. "Грант – бир жолу гана түшчү каражат. Ошондуктан, мугалимдердин маянасын көтөрүүгө жумшалган каражаттын орду бюджеттин, тактап айтканда, салыктык жана салыктык эмес каражаттардын эсебинен жабылат. Биз азыр мунун үстүндө иштеп жатабыз", - деди министрдин орун басары.