Турак жайды табигый кырсыктардан камсыздандыруу боюнча 90 пайыз элдин маалыматы бар. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрайымы Жумагүл Эгембердиева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, Кыргыз мамлекетинде 1 миллион 174 миңден ашык турак жай бар. Камсыздандыруу учурунда бир топ көйгөйлөр чыгып жатат. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, 80 пайыз турак жайдын тиешелүү документи жок экен. Техникалык паспорт, кызыл китеп сыяктуу документтери жок болуп чыкты. Көп кабаттуу турак жайлардын ээлери камсыздандырууга макул болбой жатышат. Алар бизде андай коркунучтар жок дешүүдө", - дейт Эгембердиева.