Бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңеште турак жайды табигый кырсыктардан камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору комитеттин кароосуна кайтарылды.
Мыйзам долбоору менен мыйзамдын 8-беренесиндеги камсыздандыруу учурларынын суу каптоо, узак жаан, жер алдындагы суунун деңгээлинин жогорулашы, катуу жаан сыяктуу бир катар түрлөрүн алып салуу сунушталууда.
Талкууда турак жайларды камсыздандырууда майыптар, Чернобыль апаатынын катышуучулары сыяктуу калктын айрым аялуу катмарына камсыздандырууга 50 пайыз жеңилдик берилери айтылды. Ошону менен катар адам факторунун таасири менен болуучу кырдаалдар, селге айланганга чейинки катуу жаан жаратылыш кырсыктарынын тизмесинен алынып салынгандыгы такталды.
Бир катар депутаттар күндөп-түндөп жааган кар, катуу төккөн мөндүр сыяктуу жагдайлар эске алынбай калгандыгын сынга алышты. Андан улам, мыйзам долбоору кайра комитетке кайтаруу чечими кабыл алынды.