Баткен ОИИБи: "Эркин Мамбеталиевге тиешелүү унаалардын терезелери караңгылатылганы үчүн айып пул салынды"

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиевге тиешелүү унаалардын терезелери караңгылатылганы үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери 129-берене "унаанын айнеги караңгылатуу" менен протокол толтурган. Андан соң унаалар ээсине кайтарылып берилген.

8-октябрь күнү Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев интернет түйүндөрүндө Жип үлгүсүндөгү эки унааны Баткен облусундагы ички иштер органдарынын кызматкерлерине тапшырды деген маалымат тараган. Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Uli6886
2019-10-09 12:05:38
Милицияга эмес, Чек ара кызматкерлерине тапшырган деп чыккан болсуго биринчи кабарда. Ал бетте Баткен ОИИБ четке кагатда себеби чек ара менен ОИИбнын айрымасы төө менен аттай
0
elchi84
2019-10-09 12:11:31
Мындай машиналарды кантип кандай алышат таң каласың.
0
bond02
2019-10-09 12:15:08
Чек ара кызматынан тактагыла эми.
0
Lintel
2019-10-09 14:24:31
Кыскасы коро албастык болуптур да. Ушул машинаны ИИМге бергенде мактап жатып калмак.Эх кыргызым
0
aslonur
2019-10-09 15:04:15
Бул 2унаа бронированный, аны СОБРга белек кылып беришкен
0
Kyrgyz_bloger
2019-10-09 15:10:34
Бир кызык суроо да эмнеге Атамбаевдын мурдагы жан сакчысы азыр мамлекеттик номердеги машина айдайт азыр кайсы гос.жумушта иштейт?
0
Beka0007
2019-10-09 15:23:23
Kyrgyz_bloger,мамлекеттик номер эмес жеке номер эле болуп турат жакшылап карасаңар.
0
Bars88
2019-10-09 15:36:16
Озу жалгыз 2 машина минип алыппы.Гаилер не деп алдап атышат ким минсе ошого штрафда.Чек арачыларга берсе коро албай ар шылтоону айтып алып алалы деп атышса керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан