"Жолдо жүрүү эрежелерин одоно бузган адамдар ошого жараша айыбын тартышы керек" деп бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов билдирди.
Ал айрым категориядагы айып пулдардын өлчөмү 3000 сомдон 1000 сомго чейин азайтылып жатканын айтты. "Аны ыгы жок азайта берүүнүн зыяндуу жактары да бар, муну дагы эстен чыгарбаш керек. Башкы максат айып пулду азайтуу эмес, жол коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Жолдо жүрүү эрежелерин одоно бузган адамдар ошого жараша айыбын тартышы зарыл. Ошондо тартип болот", - деди ал.