Депутат Сайдулла Нышанов жолдо автоунаалардын жарыгын жандырып жүрүү лампочка өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын көздөгөн коррупциялык талап экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал азыр эл аралык тажрыйбада андай талап жокко чыгарылып жатканын белгиледи. “Автоунаалардын жарыгын жандырып жүрүүдөн жол кырсыгы азайып деле кеткен жок. Аны жоюп салыш керек. Ошондой эле, чоң унаа жолдорунда жүрүү ылдамдыгын да көбөйтүү зарыл”, - деди депутат.