Түркияда сексуалдык кулчулукка кабылган кыргыз кызы бошотулду. Түрк басылмаларынын маалыматына ылайык, кыз-келиндерди мажбурлап сойкулукка түрткөндөр Анталья шаарында кармалган.
Анда полиция кызматкерлери сексуалдык кулчулукка кабылган 7 кыз-келинди бошоткон. Алардын бири Кыргыз жараны, дагы бири Молдова жараны, калгандары түрк болушкан. Ал эми кыз-келиндерди мажбурлап иштеткен деген шек менен 7 киши кармалган.
Кармалгандарга карата кылмыш иши козголду деп жазылат маалыматта.