Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранова Кой-Таш окуясы боюнча шектүү деген маалымдама берилди. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирип, буларга токтолду.
"Асель Кодурановага Башкы прокуратурадан байланышып, "сизди шектүү катары таануу" боюнча маалымдама келди. Сизге ошону тапшырабыз дешиптир. Балким, бүгүн эле баш коргоо чарасы тандалат", - деп билдирди жактоочу.
Ал эми Асель Кодурановага байланышканыбызда азыркы тапта Ички иштер министрлигинде экенин, эмнеге ал жакта жүргөнү тууралуу айта албай турганын билдирди.