Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранованын баш коргоо чарасы каралууда. Ал Кой-Таш окуясы боюнча эки берене менен айыпталып жатат.
Башкы прокуратура Асель Кодурановага Кой-Таш окуясы боюнча шектүү деген маалымдама берип, анын макамы күбөдөн шектүүгө өзгөртүлгөн.