Асель Кодуранова үй камагына алынды

Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранова үй камагына алынды. Мындай чечимди бүгүн, 9-октябрда Биринчи Май райондук сотунун судьясы кабыл алды.

"Мен мындан дагы башкача чечим чыгат деп ойлогом. Менин жактоочумдун суранычы менен үй камагына чыгарылдым. Жогорку Кеңештин депутаты болгондуктан менин милдеттерим бар. Мындан улам өлкөдөн чыкпоого кол койдум. Ошондой эле чектөөлөр болду, бирок кандай чектөөлөр экенин айта албайм", - деди ал.

Башкы прокуратура Асель Кодурановага Кой-Таш окуясы боюнча шектүү деген маалымдама берип, анын макамы күбөдөн шектүүгө өзгөртүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
altyn-kumush
2019-10-10 08:58:01
Асел Кодуранова Атамбаевдин арам иштерине катышып эми актангандын кереги жок. Мындай адамдарга ишенүү деле кыйын.
0
Jelezo
2019-10-10 12:52:22
altyn-kumush,кошо жүрдүңөр беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан