Ушул жылдын 6 айында бир катар ишканалар былтыркы жылдын 6 айына караганда аз салык төлөгөн. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Мамлекеттик салык кызматында өткөн коллегиялык жыйында белгилүү болду. Былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу “Кыргызалтын” ишканасы 58 миллион сомго, “Дастан” ишканасы 29 миллион сомго, “Электр станциялары” ишканасы 217 миллион сомго, Кыргызстандын улуттук электр тармагы 31 миллион сомго, “Газпромнефть-Азия” ишканасы 71 миллион сомго, “Реемстма” ишканасы 35 миллион сомго жана “Кыргызтелеком” ишканасы 27 миллион сомго аз салык төлөгөн. Ошондой эле Ош жана Бишкек шаарларындагы, Түп, Панфилов, Чүй, Талас, Чаткал, Тогуз-Торо райондорундагы ири салык төлөөчүлөр тарабынан пландар ишке ашырылган эмес. Мунун себеби алтынга болгон баанын төмөндөшүнө байланыштуу экени айтылды. Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттерде 1 миллиард 46 миллион сом салык чогултуу күтүлүп, бирок ал 1 миллиард 27 миллион сомго аткарылган.