Бүгүн, 10-октябрда социалдык тармакка орусиялык алып баруучу Андрей Малахов Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигине барган видео тарады.
Ошону менен катар эле Орусиядагы Кыргыз мигранттарды колдоо фондунун директору Тимур Саралаев Малахов менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, алып баруучу өткөндөгү окуя ага чоң сабак болгонун моюнга алганын жазды.
24-сентябрь күнү олигарх Александр Маруговдун уулунун жол кырсыгындагы өлүмү тууралуу көрсөтүү эфирге чыккан. Кыргыз өлкөсүнүн жарандары социалдык тармактарда "көрсөтүүнүн жүрүшүндө алып баруучу Андрей Малахов бүтүндөй кыргыз элинин дарегине орой сүйлөдү" деп анын кечирим суроосун талап кылышкан.
Кийин Малахов берүүсүндө айткан сөздөрү үчүн Кыргыз өлкөсүнөн кечирим сураган.