Жогорку Кеңеш тарабынан адал эт паркын түзүүнү көздөгөн мыйзам долбоору жактырылды

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз мамлекети Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу менен экспорт үчүн адал эт паркын түзүүнү көздөгөн мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбооруна ылайык, Ислам өнүктүрүү банкы бул багытта 380 миӊ доллар каражат бөлүүгө даяр. Ал эми кыргыз тараптын салымы 50 миӊ доллар. Бул каражаттар долбоорду изилдөөгө жана логистикалык чыгымдарга багытталат. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккандан кийин адал эт паркы курула турган жер тандалып алынмакчы.

Талкууда бир катар депутаттар мыйзам долбоорун колдоого алып, өлкө аймагында халал индустрияны өнүктүрүүгө багыт алуу керектигин белгилешти. Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан