КСДПнын өкүлү Алга Кылычов СИЗО-1ден убактылуу кармоочу жайга которулду. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Алга Кылычов аталган кызматтын мекемесинде эмес, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
7-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башталып, эл менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери ортосунда кагылышуу орун алган. 8-августта Атамбаев камакка алынган. 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча КСДПнын мүчөлөрү Фарид Ниязов, Алга Кылычов, Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган.
Кийин райондук соттун чечими менен ал 9-декабрга чейин камакта калтырылган.