Депутат: "Жаш хирургдарга улуу муундагы хирургдар операция жасаганга мүмкүнчүлүк бербей жатыптыр"

Депутат Чыныбай Турсунбеков жаш дарыгерлер такси айдап жүргөнүн көргөнүн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-октябрда КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.

“Алар менен жолугуп, сүйлөшсөм азыр жаш хирургдар мурдагыдай операцияга кире албайт экен. Анткени улуу муундагы хирургдар операциялардын баарын ээлеп алышкан. Анын баары акча экен. Улуу муундагы хирургдар жаштарга операцияны көрсөтпөй, өздөрү жасайт. Бул маселе качан чечилет?”, – деп сурады депутат.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бул маселе мыйзам негизинде чечилбесе, административдик негизде чечилбей турганын айтты. “Ооруканалардагы бөлүмдүн башчыларын 5 жылдык мөөнөткө коюу керек. Аларды ротация кыла албайт экенбиз. Сиз айткан маселелер бар. Бул көйгөйдү мыйзам негизинде чечпесек, административдик негизде чече албайт экенбиз”, - дейт Чолпонбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shef87
2019-10-11 23:36:12
Мүмкүнчүлүк берсе өлтурөт алар бейтапты анткени билбейт окубаган акча менен бүткөн
0
baltabaev
2019-10-12 21:57:47
Shef87,бир чети туура тууганым.
Бир чети оздору кресло бошотпогондой эле алар да бошоткулары келишпейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан