Депутат Эльвира Сурабалдиева бейтапканаларда жеке менчик ультра добуштук изилдөө, дарыканалар көбөйүп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-октябрда КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.
“Бейтапканаларда жеке менчик ультра добуштук изилдөө, дарыканалардын саны эмнеге көбөйүп жатат? Түшкөн каражаттар ачык-айкынбы, текшерилеби? Оорукананын жетекчилери коммерция менен алек болуп жатышат. Социалдык тармакка фракция жыйынында саламаттыкты сактоо тармагы боюнча маселе карала турганын жарыялагам. Анда толтура суроолор келди”, - деди Сурабалдиева.
Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бейтапканалар мэрияга карай турганын айтып, уруксатты алар берише турганын белгиледи. Мэрия менен бул маселени карап чыгарын билдирди.