Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылында “Улуттар аралык ынтымак - Кыргызстандын өнүгүшүнүн негизи” деген ураандын астында иш-чара болуп өттү. Максаты - улуттар аралык чар-чатактардын алдын алуу, аймактагы жашоочулардын достугун чыңдоо, маданий баалуулуктарын сактоо. Аны ИИМдин түштүк аймагы боюнча башкармалыгы уюштурду. Иш-чаранын жүрүшүндө түрдүү улуттун өкүлдөрүнүн аткаруусундагы ырлар жаңырып, бийлер тартууланды.