Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү телережиссёр жана коомдук ишмер Орозова Умтул Шейшеевна 79 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан ал кечээ, 11-октябрда каза болгонун маалымдады.
Умтул Орозова маалымат жана маданият тармагына эмгеги сиңген инсан болгон. Ал 1940-жылы кыргыздын тунгуч дирижёру, Кыргыз ССРинин Эл артисти Шейше Орозовдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
Москвадагы А.Луначарский атындагы театралдык институтунун режиссура факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун "Комсомольская Правда" гезитинен баштап, Кыргыз мамлекеттик телерадиоберүү комитетинде узак жылдар режиссёр, башкы режиссёр, төраганын орун басары болуп эмгектенген.
1980-1986-жылдары Кыргызстан КП БКнын маданият бөлүмүнүн башчысы, 1986-1991-жылдары Кыргыз мамлекеттик телерадиоберүү комитетинин төрайымы болуп иштеген.
1989-жылы СССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган.