Интернет колдонуучулар арасында үйлөнүү тойдогу кортеждин видеосу кызуу талкууга алынууда. Тагыраак айтканда, үлпөт той үчүн кортеж жеңил унаалардын коштоосунда эмес, фуралардын коштоосунда болгон. Окурмандардын маалыматына ылайык, видео Бакыт үйүнүн аймагынан бүгүн, 12-октябрда тартылган.
Кортежде 6 фура болгон. Жүк ташуучу унаалар шарлар, гүлдөр менен кооздолгон. Алдыдагы фуранын ичинде түгөйлөр болгон. Бакыт үйүнөн чыккан эки жаш аккордеондун коштоосунда кайра фурага отуруп жатканын көрүүгө болот.
Шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан бул окуя такталып жатканын кабарлады.