Депутаттар комитет жыйынына экономика министри жана финансы министри келбегенине нааразы болушту

Депутаттар комитет жыйынына экономика министри жана финансы министри келбегенине нааразы болушту.

Бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.

Анда депутат Мирлан Бакиров: "Биз бүгүн күн тартипке ылайык, маанилүү маселени караганы турабыз. Биринчи вице-премьер-министр жыйынга катышып жаткандан кийин ар бир министрликтин жетекчилери катышуусу керек. Экономика министри, финансы министри кайда?", - деп сурады.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов президент менен жолугушууга байланыштуу жыйынга катыша албаганын айтты. "Министрдин орун басарлары маалымат берет. Толук маалымат бергенге даярбыз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан