Бишкекте жансыз денеси табылган 44 жаштагы жарандын өлүмү сотко чейинки өндүрүшкө алынды

Бишкекте жансыз денеси табылган 44 жаштагы жарандын өлүмү сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "өзүн-өзү өлтүрүү" беренеси менен каттоого алынган. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды.

"Дайындалган экспертизалардын жыйынтыгы менен дагы берене өзгөрүшү мүмкүн" деди басма сөз кызматынан.

Окуянын чоо-жайы

13-октябрда эртең менен саат 09:30 чамасында Октябрь РИИБине Асанбай кичи районундагы токой багынан кебетеси европалык болгон эркек кишинин жансыз денеси табылганы маалымдалган. Жерине ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери барып, талдын жанында тизесин бүккөн абалда эркек кишини көрүшкөн. Маркумдун моюнуна электр тогун жеткирүүчү зым байланган. Зымдын экинчи учу талга байланып турган. Кийинчерээк маркумдун аты-жөнү аныкталып, ал 1975-жылкы Е.П. болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, акыркы убакта маркумдун жумушунда маселелер болуп жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан