Ошто жалгыз жашаган кишинин жансыз денеси өз үйүндө табылды

Ош шаарында үйүндө жалгыз жашаган 55 жаштагы эркек киши асынган абалда табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-октябрь күнү маркумдун туугандары милицияга кайрылышкан. Ыкчам-тергөө тобу барып, асынган абалдагы эркек кишинин жансыз денесин табышкан.

"Маркум аялы менен ажырашып кеткен соң, жалгыз жашап келген. Ошондой эле маркумдун туугандары медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан. Учурда өлүмдүн себеби такталууда", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан