Биз социалдык тармакта

Сооронбай Жээнбеков Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-октябрда Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жетинчи жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Жолугушуу Баку шаарына учуп келээри менен Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортунда өттү. Кыргыз мамлекети менен Казакстандын эки тараптуу кызматташтыгы боюнча пикир алышуу болду.

Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Түрк Кеңешинин ардактуу төрагасы болуп шайланышы жана Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланышын куттуктады. Орденди тапшыруу 15-октябрда кеңештин жыйынында болот.

Президент Сооронбай Жээнбеков дагы бир жолу Кыргыз мамлекети менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү, ынак кошуналык мамилелерди орнотууда жана бекемдөөдө Нурсултан Назарбаевдин жеке салымын белгиледи.

Нурсултан Назарбаев кайрадан жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө кубанычта экенин баса белгиледи. Ал мамлекет башчыларынын кызматташууну жана ынак кошуналык мамилелерди тереңдетүүгө багытталган бардык аракеттерин колдой турганын белгиледи.

Жолугушууда эки жана көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн жана өнөктөштүктүн түрдүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну күчөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kuyoo_bala
2019-10-15 08:40:03
Бийлик дагы деле колунда экенда,иш жузундо президенттиктен тушпоптурго чиркин
+2
altyn-kumush
2019-10-15 09:04:04
Нурсултан Абишович Казакстандын бүгүнкү деңгээлге жетишине чоң салым кошту анын эмгегин баалап тажрыйбасы менен бөүшүү абдан пайдалуу болоруна шек жок.
+2
Aimani
2019-10-15 12:38:09
Назарбаев президент болбой калганын унутуп калган го. Ал жакта эмне кылып жүрөт
+2
Azyk_tegin
2019-10-15 22:45:38
Атамбаев Нуке менен ушул Сокени президент кылам деп жаман айтышты эле. Эми бул Сокебек Нукенин ###### ###### журот...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан