Бүгүн, 15-октябрда парламент комитетинде сот системин өнүктүрүү боюнча долбоор каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы Жогорку Соттун төрайымы Гүлнара Калиева, Судьялар кеңешинин төрагасы Нурланбек Атаназаров, финансы министри Бактыгүл Жеенбаева жасайт. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында 4 маселе талкууланат. "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору, "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралат.