Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети Ысык-Көл облусунда кышкы туризмди өнүктүрүү боюнча токтом долбоорун жактырды

Кечээ, 14-октябрда Жогорку Кеңештин комитетинде Ысык-Көл облусунда кышкы туризмди өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр тууралуу маселе каралды.

Баяндаманы депутат Максат Сабиров жасады. Ал белгилегендей, туризм тармагы Ысык-Көл облусун өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. "Акыркы жылдары жайкы туризм менен чектелбей, кышкы туризмди дагы кошо өнүктүрүү аракеттери жасалууда. Эгерде жайкы туристтик мезгил 3 ай менен чектелсе, кышкы туристтик мезгил 4 айга чейин созулат. Мисалы, деңиз деңгээлинен 2300 метр бийиктикте жайгашкан “Каракол” тоо лыжа базасы, Жыргалаң өрөөнү кышкы туризм борборуна айланып калды десек болот", - деп билдирди Сабиров.

Жыйынтыгында токтом долбоору колдоо тапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан