Биз социалдык тармакта

Атамбаевдин ишинин алкагында камакка алынган Субихи Пархатини кайра бошотушту

Кечээ,14-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кылмыш ишинин алкагында ишкер Субихи Пархати кармалган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди. Ага ылайык, Пархатиге кирешелерди мыйзамдаштырып алуу беренеси боюнча айып тагылган.

Маалыматты тактоо үчүн Биринчи май райондук сотуна байланышып, мындай жооп алдык: "Ишкер Субихи Пархати 14-октябрда укук коргоочулар тарабынан камакка алынган. Пархати бир нече беренелер боюнча шектүү деп саналууда. Бүгүн аскердик прокуратурадан өтүнүч кат келип, баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Ага ылайык, Биринчи май райондук соту ага карата сыртка чыкпоо тууралуу баш коргоо чарасын тандаган. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө башталды".

Маалым болгондой, 2017-жылы ишкер Субихи Пархати менен Алмазбек Атамбаев экөөнүн ортосунда "Форум" ЖЧКсын сатуу келишими түзүлгөн. Бирок келишим түзүлүп жатканда сатып алуучунун акча төлөй алуу жөндөмдүүлүгү жана акчанын келген булагы текшерилген эмес деген маалымат тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Absamat-90
2019-10-15 12:06:10
Атамбаевдин омурундо бир жолу коргон , бирок ишенип ошончо акчаларды берип турган сырдуу баласы кармалган экен.Мунун озундо коп сыр катылып жатат.
+3
Ernestinio
2019-10-15 12:25:45
Атамбаедин кара колоколору эми чыга баштады. Бардык закон бузуулары, бардык кылмыштары чыкса эл ташбаранга салмак
0
Sakubek
2019-10-15 16:21:55
Райымга да тиешеси бар 700млн$ жонундо жазбапсынар го супер
+2
tular
2019-10-16 08:23:17
Sakubek, Раим миллион баардыгын майлап коет...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан