Биз социалдык тармакта

Депутат Ысык-Көлдү ар кандай саркынды суулардан коргоо жөнүндө мыйзам долбоорун башка көлдөргө дагы ылайыктап жазуу керектигин айтты

Депутат Алтынбек Жунус уулу Ысык-Көлдү ар кандай саркынды суулардан коргоо жөнүндө мыйзам долбоорун башка көлдөргө дагы ылайыктап жазуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Мыйзамды бир эле Ысык-Көлдүн эмес башка көлдөрдүн экологиясын коргоого дагы жайылтылгандай кылып жазуу керек. Маселен Соң-Көл көлү дагы ар кандай булгануулардан жабыркап келет. Бул аймакка дагы канализация жана саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруу керек", - дейт депутат.

Демилгечилердин бири депутат Экмат Байбакпаев Ысык-Көлгө коркунуч келтирип жаткан экологиялык көйгөйлөргө кеӊири токтолду. Анын айтымында, мыйзам долбоору Ысык-Көл биосфералык аймагындагы суу ресурстары менен экотутумду зыяндуу саркынды суулардан коргоого багытталган. Мыйзам долбоору менен 2021-жылдан тарта саркынды сууларды тазалоочу курулмалары жок өнөр жай, туристтик мекемелердин ишмердүүлүгүнө тыюу салуу каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан