Ошто Кадырбек Досонов бара жаткан унаа жол эрежесине баш ийбей кармалды

Ошто "Женго" каймана аты менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары белгилүү болгон Кадырбек Досонов бара жаткан унаа жол эрежесине баш ийбей, жол кыймылынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-октябрда облустук башкармалыктын ыкчам тобу жана жол кыймылынын кызматкерлери биргеликте рейд өткөрүшкөн. Рейддин жүрүшүндө мамлекеттик номери жок бара жаткан Мерседес-Бенц унаасын токтотушкан. Бирок унаанын айдоочусу токтогон эмес. Артынан кууп барган кызматкерлер унаада Кадырбек Досонов бар экенин аныкташкан.

"Айдоочунун жанында травматикалык тапанча болгон. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Ал эми айдоочуга мамлекеттик номердин жоктугу, жол кыймылынын кызматкерлерине баш ийбегендиги жана курду такпагандыгы үчүн 3 протокол түзүлүп, айып пул салынды. Андан соң алар коё берилди", - деди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aidar.001
2019-10-15 23:05:42
Женгону коруп озунор толоп койдунар анан
+3
gulia90
2019-10-16 00:22:46
Aidar.001,ичти эзесин гооо)))
+3
monok2001
2019-10-16 00:43:52
Женгодон керек болсо Матраимовдор деле коркушат
0
Samina007
2019-10-16 01:24:11
Мыйзам баарына бирдей Женго эмес Томпо болбойбу мыйзам буздуңбу жооп бериш керек.
+10
kechirmeni
2019-10-16 09:38:32
Samina007,томпо де))))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан