Депутат Ысык-Көлдөгү скутер менен катерлердин ишмердүүлүгүн жөнгө салууну сунуштады

Кечээ, 15-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Ысык-Көлдү ар кандай саркынды суулардан коргоо жөнүндө мыйзам долбоору каралды.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Улукбек Ормонов мыйзам долбоорун колдоого алып, жаратылышты, экологияны коргоого багытталган мыйзам демилгелеринин баарын системдештирүү жана бириктирүү зарылдыгын айтты. Ал эми депутат Тынчтыкбек Конушбаев дагы мыйзам демилгесин колдоо менен Ысык-Көлдөгү моторлуу кайыктардын – скутер менен катерлердин ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жөнүндө түзөтүү киргизүүнү сунуш кылды. Ошондой эле эл өкүлү элдин жаратылышка аяр мамиле жасоо маданияты менен экологиялык аӊ-сезиминин деӊгээлин жогорулатуу боюнча дагы иш-чараларды көрүү керектигин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан