Вице-премьер мамлекеттик ишканаларды башкаруу иши натыйжалуу жүргүзүлбөй жатканын айтты

Кечээ, 15-октябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Ысык-Көл облусунда көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйындын алкагында улутташтырылган мүлктөрдүн абалы менен таанышкан комитет мүчөлөрү, алардын келечегин талкууга алышты.

Депутаттар "Солнышко" пансионатында болуп, имараттардын абалын жеринде көрдү. Айтылган маалыматтар боюнча, бул эс алуу жайы Улуттук олимпиадалык комитетке көп жылдык мөөнөткө ижарага берилген. Ага ылайык, атайын каражат жумшалып, спорттук жайлар салынат. Ал эми мурдагы "Рохат" азыркы "Алтын-Жай", "Витязь", "Бостери" пансионаттары пландалган көрсөткүчтү бере албай жатканы талкуу учурунда белгилүү болду.

“Мунун негизги себеби мамлекеттик ишканаларды башкаруу иши натыйжалуу жүргүзүлбөй жаткандыгында” дейт вице-премьер-министр Замирбек Аскаров.

Талкууда айрым эл өкүлдөрү жыл сайын эскирип, пайдасынан зыяны көбөйүп бара жаткан мүлктөрдү жеке менчикке өткөрүп берүү мүмкүнчүлүктөрүнө токтолушту.

Көчмө жыйынга эл өкүлдөрү Салайдин Айдаров, Максат Сабиров, Искендер Гайпкулов, Фархат Тулендыбаев, Орозбек Алыбаев, Абдумажит Юсуров, Элвира Сурабалдиева жана Дастан Бекешев катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан