Куудул Жамбыл Камчиевдин жубайы 61 жашында каза болду

Куудул Жамбыл Камчиевдин жубайы Бүүсара Асанова бүгүн, 16-октябрда каза болду. Бул тууралуу куудулдун кесиптеши Борончу Кудайбергенов билдирди.

Маалыматка ылайык, маркум Бүүсара Асанова 61 жашта болгон. Ал 2 жылдан бери ооруп жүргөн. Өзү бул тууралуу "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде "Өкүнгөнүм, жаш кезде эч нерсени аңдабай, ден соолукка кам көрбөйт экенбиз. Ысык-суукту карабай, карылыкты ойлобой жүрүп бутума суук тийгизип алыптырмын. Бир жылдан бери баса албай отурам. Жамбыл карап, тамагымды берип жатты" деп айтып берген.

Маркумдун сөөгү эртең, 17-октябрда Ош шаарында жерге берилет.

SUPER.KG порталы Бүүсара Асанованын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Aikan1966
2019-10-16 11:09:06
Жаткан жери жайлуу болсун.
+13
AykaMer
2019-10-16 11:41:53
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун.Жакындарына сабыр тилейм...
+8
Uli6886
2019-10-16 11:45:28
Ыйманы саламат болсун. Билип билбей кетирген каталарын аллах өзү кечирсин оомин.
+12
Tyty1990
2019-10-16 15:40:09
Аллахым күнөөлөрүн кечирип, бейиштен орун берсин
+7
mirlanpiter
2019-10-16 18:59:58
Жамбыл ага сабыр кылыңыз, Кудай жакшы көргөн инсанын алып кетти,,, эми жакшы аял алып алыңыз бой жүрбөй
-10
Ernisbii
2019-10-16 23:09:47
mirlanpiter,бир нерсе жазарда ойлонуш керек бул жерде окуп отурушат сенин тамтаңдаган сөздөрүңдү.
+1
madina.87
2019-10-16 23:23:56
mirlanpiter,Кайрат айтканың дурус!
А бирок Жамбыл аваңа жаңы аял издегениң уят!!!
Али жерге бериле элек аялынын сөөгү.
Сенден кеңеш сурап жатабы?
Жазат десе эле дөөдүрөйсүңөр оозуңарга батканча.


Жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтамын.
Аллах бейишин берсин.
+2
muras111211
2019-10-17 08:15:29
Жайы Жаннатта болсун.
Жакындарына сабыр.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан