Бүгүн, 15-октябрда саат 11:27ге карата Жогорку Кеңештин жыйыны тыныгуудан кийин 7 депутаттын катышуусунда өтүп жатат.
Ал эми катталган депутаттардын саны 75 деп турат. Бул саатта КСДП фракциясынан Данияр Аттокуров, "Республика-Ата-Журт" фракциясынан Мирлан Жээнчороев, Марлен Маматалиев, Махабат Мавлянова, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Абылкайыр Узакбаев, Мирлан Бакиров, "Кыргызстан" фракциясынан Нурбек Алимбеков катышып жатат. "Бир Бол" жана "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары жыйынга келген жок.
"Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатат.
Учурда бир-экиден депутаттар жыйынга келип жатышат.