Кыргыз мамлекетинде 3 миң 294 диний уюм бар. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов билдирди.
Анын айтымында, 2 миң 665и мечиттер жана казыяттар. 69 ар кандай фонддор бар. Ошондой эле медреселер дагы бар. "Соттун чечими менен экстремисттик деп табылган 20 уюмдун ишине тыюу салынган. Ал эми диний уюм түзүш үчүн кеминде 200 адамдын макулдугу керек жана ал нотариустан күбөлөндүрүлүшү зарыл", - дейт ал.
Учурда жыйында “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатат.