8-октябрда Бишкектеги Коёнкөзов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн 5-кабатынан кулап түшкөн 16 жаштагы өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өспүрүм Бишкектеги Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жаткан. Ал 16-октябрга караган түнү жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.
Буга чейин көп кабаттуу үйдөн 16 жаштагы А.Э. аттуу бала кулап түшкөнү айтылган.