Бүгүн, 17-октябрда Бишкек шаарынын Москва көчөсүнүн дагы бир тилкеси жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн жабылат. Москва көчөсүнүн Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.
Бишкек мэриясы шаар тургундарынан, меймандарынан жана айдоочулардан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт. Москва көчөсүндөгү жолду оңдоо иштери сентябрь айында башталган.