Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Кой-Таш айылынын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, комиссиянын өкүлдөрү айылдагы бир катар объекттерге барышты. Анын ичинде турак үйлөр, өрттөнүп кеткен айылдык милиция бөлүмү бар.
Буга чейин Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын иш мөөнөтү 1-ноябрга чейин узартылган. Премьер-министрдин буйругу менен Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн.