Чүйдүн Аламүдүн районунда 30 жаштагы Разиев Давлят Дилмуратович изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, изделип жаткан жаран 9-октябрь күнү болжол менен саат 14:00 чамасында Кара-Жыгач конушундагы үйүнөн Шевроле үлгүсүндөгү унаасы менен чыгып кеткен. Ошол боюнча дайынсыз.
Кимде ким Давлят Разиев тууралуу маалымат билсе, төмөндөгү номерлер аркылуу байланышууну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: 0312 36-35-23, 0709 94-84-34, 0704 31-25-05, 0550 34-33-63.