Депутат Эмил Токтошев Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылдан аз болуп жатканына тынчсызданды. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Кыш мезгилине өкмөттүн даярдыгы кандай? Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 2 миллиард метр кубга аз. Электр энергиясы кышта өчпөйбү? Электр тармактарында кандай даярдык болуп жатканы боюнча элге маалыматтарды так беришибиз керек", - дейт Токтошев.