Бишкек шаарында экологиялык абал жылдан-жылга оорлоп барат. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев билдирди.
"Азыр жалбырактар өрттөлүп, мончолорго пластик бөтөлкөлөр жагылып, үйлөрдө сапатсыз көмүрлөр пайдаланууда. Экологдор алардын баарын көзөмөлгө алышы зарыл. Бишкекте өзгөчө авто унаалардын көбөйүшү, көчөлөрдөгү автотыгындардын кыйла арбышы шаар тургундарын өтө тынчсыздандырууда. Ошондуктан, авто унаалардын чыккан уулуу заттардын ченемин өлчөгөн мекемелердин жетекчилери бул багытта кечиктирилгис чараларды көрүүгө тийиш", - деди депутат.