Депутат Төрөбаев Футбол боюнча Кыргыз курама командасына мамлекет колдоо көрсөтүшү керектигин айтты

Депутат Бакыт Төрөбаев Футбол боюнча Кыргыз курама командасына мамлекет колдоо көрсөтүшү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Кыргыз футболунун жаңы барагы ачылып жатат. Кыргыз курама командасы биздин желекти бийик көтөрүп келе жатат. Дүйнөдө ар бир экинчи адам футболго кызыгат. Футбол оң эмоцияларды жаратып, сүйүнүчтү алып келет. Жашоонун кызыгынын бир бөлүгү, биримдиктин аянтчасы болуп эсептелет. Монголия, Мьянма менен беттешип, сүйүнүч алып келишти. Мамлекет Кыргыз курама командасын колдошу керек. Керек болсо ар бир шаарларда жергиликтүү бийликтин эсебинен шаардык команда түзүү керек", - дейт Төрөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bekmaral
2019-10-17 12:57:51
Эн туура ушул сунушту Алтынбек Сулаймановго сунуштаганымда ун каткан эмес.
+2
elchi84
2019-10-17 13:21:10
Тойлор буттубу?
+1
Mister-X
2019-10-17 13:43:22
Ар бир райондун командасы болушу керек. Ошондо кучтуу оюнчулар чыгат.
+1
jugorsk
2019-10-17 13:44:05
Ой лололу ушуга чейин унчукпай эми шайлоо жакындаганда очко уруп жатканын.Кыйын экенсин 1 жыл же 2 жыл мурун ушунтип айтпайт белен окмотко
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан