Депутат айыл башчылар чоң иш-чараларды өткөрүү менен алектенип, өздүрүнүн иштери четте калып жатканын айтты

Депутат Кенжебек Бокоев айыл башчылар чоң иш-чараларды өткөрүү менен алектенип, өздүрүнүн иштери четте калып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Жыйында "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамынын аткарылышы тууралуу маселе каралып жатат.

"Мыйзамдын аткарылышы боюнча байкаларлык өзгөрүү болгон жок. Жергиликтүү башкаруу органдары мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаргандыгы менен материалдык-финансылык каражаттары чечилген эмес. Айыл өкмөт башчылары облус, район башчыларына баш ийип отуруп, чоң иш-чараларды өткөрүү менен алектенип жатат. Айыл өкмөттүн өзүнүн иши четте калууда", - дейт Бокоев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Mister-X
2019-10-17 13:54:49
Ай депутаттар, силерди ким айтат? 75 депутат катышып жатат деген жыйында 7 депутат отурду го. Бир маселени чечиш учун бир, эки айга узартып коесунар. Эмнени чечтинер, айткылачы
0
elchi84
2019-10-17 14:22:46
Микрофондон суйлоп койсо болду да булардын иши дагы ошого да катышып олтуруп коюштан зеригишет.
0
Jango
2019-10-17 14:33:10
Бул койлор озунчо ойлошот микрофондон суйлосо эле типа эл козуно иштеп жаткандай болуп суйлогон созунун мааниси деле жок бул чимкириктерди таркатып жибериш керек
0
Samat_00000
2019-10-17 15:47:47
Бир айыл башчы 8000 сом айлык алып, аткарган иштерине жуз жыйырманар татыбайсынар
+1
Jelezo
2019-10-17 18:26:41
Абдан туура маселени айтың, мейман тосуп Бишкектен келген чоңдорду сыйлап каробка жасап жүрүп өздөрүнүн иши калып жатат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан