Депутат айыл башчыларынын башы текшерүүдөн чыкпай жатканын айтты

Депутат Кенжебек Бокоев айыл башчыларынын башы текшерүүдөн чыкпай жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы мамилелер мыйзамда так аныкталган. Биз район, облус, министрликтер, так ажыратуу принцибинин негизинде иш алып барсын деп мыйзам алып чыгып жатабыз. Бүгүнкү күндө бардыгы аралаш болуп калган. Айыл башчылары азыр райондук администрацияда жүрөт. Учурда ошону токтото албай жатабыз. Акимдер айыл башчыларга сөгүш берип жатат. Кыргыз өкмөтү Бишкектин мэрине сөгүш берет. Бул мыйзамсыз да. Менин айтайын дегеним, өкмөт дагы, министрлик дагы аларга жетекчи болбошу керек", - деди ал.

Буга жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этнос аралык мамлекеттик агенттигинин директору Салиев Бахтияр жооп берди. "Өкмөттүн буйругу менен аким дайындалгандан кийин, аким анын аймагындагы болуп жаткан нерселерге жооп берет. Демек координация маселеси мыйзам ченемдүү эле нерсе" , - деди Салиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2019-10-17 18:35:26
Райондук админстрацияны жойуп салыш керек ортодон акча жеген посредник коррупция га баткан орган кылган дайындуу иши жок эки баскычтуу башкарууга өтүш керек
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан