"Эки дөө кагышса, ортодо чымын өлөт". Кой-Ташта каза болгон спецназдын өлүмүнө шектүү жарандын аялы акыйкат издейт

7-август күнү Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында спецназдар менен экс-президенттин тарапташтарынын ортосунда жаңжал чыккан. Мындан улам спецназ Үсөнбек Ниязбеков каза болгон. 14-августта Үсөнбек Ниязбековдун өлүмүнө шектүү катары 30 жаштагы Рысбек Карыпбек уулу аттуу жаран кармалган. Жолдошум "эки дөө кармашса, ортосунда чымын өлөт" болуп, курмандыкка чабылды деген шектүүнүн жубайы Бактынур Абылазиз кызы SUPER.KG порталына кайрылды.

Анын айтымында, жолдошу 6-августта КСДПнын өкүлү Алга Кылычовдун жеке айдоочусу катары жумушка кирген.

"5-августка чейин жолдошум Балыкчы шаарында эле таксист болуп иштеп жүргөн. Ага чейин Орусияда иштечүбүз. Апрель айында балабыз ооруп, ошого байланыштуу келгенбиз. Балыкчыда таксист болуп иштеп, күнүнө 300-400 сомдой акча тапчу. Телефонубузга 4-августта тааныш эмес номер чалганынан алган эмесмин. Кечке жакын дагы чалганда Рысбек алыптыр. Көрсө ал Алга Кылычов экен. Ал киши биз Лахол айылында жашап жүргөндө кошунабыз эле. Ал Рысбекти жумушка чакырыптыр. Ошентип күйөөм 5-август күнү кечинде Бишкекке кетип, 6-августта жумушка чыкты. Бирок бизде ал Кой-Таш айылына барып иштей турганы боюнча маалымат жок болчу. Жада калса жолдошум өзү билген эмес. 7-августта телефондо бир аз сүйлөштүк. Интернет өчүп, байланыш үзүлүп жаткандыктан, сүйлөшө албай койдук. Ошону менен 10-августта УКМКда суракта жүргөнүн айтып, телефон чалды. Бирок ал сурак эле болуп жатканын айтып, "буюрса барам" деген".

Бактынур Абылазиз кызынын айтымында, жолдошу ага 12-августта телефон чалып, каза болгон Үсөнбек Ниязбековдун өлүмүнө шектүү катары сурак берип жатканын кабарлаган.

"15-августта жолдошумдун баш коргоо чарасын сот карап, бизди чакырды. Кебетеси кетип калыптыр, биз ошондо эле ага кыйноолор болгонун билдик. Ошол күндөн кийин күйөөмдү 30-сентябрда баш коргоо чарасын узартуу мөөнөтү боюнча сотто көрдүм. Сот 9-декабрга чейин камакка калтыруу чечимин чыгарды. Биздин үй-бүлөдө азыр эч ким иштебейт. Себеби кайната менен кайненем экөө тең ооруйт. Пенсиялары өздөрүнүн дары дармегинен ашпайт. Жакында эле балама операция жасаттым. Азыр аны карап мен да үйдө отурам. Жолдошума жактоочу жалдап, Бишкекке келип кеткен чыгымдарга азыр туугандарыбыз жардам берип жатат. Бирок кечке эле алар деле жардам бере бербейт да. Жолдошум деле айдоочулук кызматка бир аз да болсо айлык жакшы болот деген үмүт менен кирген эле. Себеби Балыкчыда таксисттердин жумушу 20-августтан кийин токтойт. Буга чейин болсо Москва шаарында иштеп жүрдүк. Балдарыбызды кайын журт багып келди. Биз деле өз өлкөбүзгө барып, балдарды өзүбүз карап, окуталы деп келгенбиз", - деди ал.

Учурда камакта шектүү катары кармалып турган Рысбек Карыпбек уулунун агасы Нурбек Исмаилов инисин 3 айдан бери бир да далили жок кармап турганын айтат.

"Рысбектин эч кандай күнөөсү жок. Тергөөдө инимди автоматты карматып, октоттуруп көрүп, сен автомат кармаганды билет турбайсыңбы, демек, сен аттың деп күнөөлөп жатышыптыр. Иним армияга барган. Азыр аскерге барган бардык балдар автоматты кармаганды, октогонду билишет да. Ал эми иним 7-8-август күндөрү Алга Кылычовду ары-бери ташып жүргөм дейт. Ал өз сөзүндө таш эмес таяк кармаган эмесмин дейт. Иниме каршы көрсөтмөнү барымтага алынган спецназдар берген экен. Алардын көрсөтмөсүндө сакалчан бирөө аралашып жүргөн, ошондон шек санап жатабыз деген экен. Иним сакалчан экени чын. Бирок ал күнү ал жерде канча деген адамдар, анын ичинен сакалы барлар да жүрдү да. Же жалгыз менин инимдики бар бекен? Бизди дагы ошол көрсөтмө берген спецназдар менен жолуктурбай жатат. Жок эле дегенде иним саясат боюнча түшүнүгү болсочу? Ал шаарда, Кой-Ташта эмне болуп жатканы боюнча кабары да болгон эмес. Мен инимдин киши өлтүргөнүнө ишенбейм, ал андай адам эмес. Анын моюнунда 7 адамды багыш керек деген ойдон башка эч нерсе болгон эмес.

Иним азыр СИЗОдо. Бирок биз аны менен бир дагы жолу жолуга албай жатабыз. Тергөөчүгө телефон чалсаң эле башчыбыз уруксат бербей жатат дейт. Биз арыз да жаздык. Бирок жыйынтык жок", - деди Нурбек Исмаилов.

Шектүүнүн жакындары азыркы бийлик өкүлдөрүнөн акыйкат чечим гана күтүшөрүн жана алардын күткөнү Рысбек Карыпбек уулу аман-эсен эркиндикке чыгуусу.

Кой-Ташта каза болгон спецназдын өлүмүнө шектелип кармалган жарандын аялы президентке кайрылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
isarti
2019-10-17 19:24:22
Убалынар Аша менен Сокенин мойнунда.
+13
Wibee
2019-10-17 21:51:17
Ал эки доо деле акыры бир кун олоор ажалы жетип ошолор олгондо мен 10 кун той берем элге иншаалла
+2
Bektur2011
2019-10-18 14:16:43
isarti,Атамбаев менен Алга Кылычов отко салыптыр. Эми ошолордун үйүнө баргыла.
+1
Kyrgyz_bloger
2019-10-17 19:40:36
Даа жалко бирок бизде кедейлер учун чындык дагы демократия дагы жок бизге диктатура,эгер бай болсок анда сага баары болот.
+9
J1irg
2019-10-17 19:48:40
Сооронбай башы менен жооп берсин. Бакиевтен жаман кылды. Элге каршы курал колдонгон Жээнбеков кетсин.
-2
Kamchybek-007
2019-10-17 20:05:29
J1irg,ошентип АША атана айтасын
+10
interpol
2019-10-17 20:23:45
J1irg,эгер ичи таардык кылбай акты ак караны кара деп ажырата алсаң анда күнөөнү алкаш атаңа коймоксуң. Мен сокенида жактабайм бирок ал окуяга күнөлүү түздөн түз аша. Канча адамдын убалына калды. Өмүр боюу жазага тартылыш керек.
+11
Altyn.bala
2019-10-17 20:36:03
interpol,Алкаш деп куюп берип койгондой,же мас болуп калганда уйуно жеткиргендей айттын го.Алмазбек Шаршенович Кыргызстан учун кылганынын кымындайын дагы кыла албайсын.Бироону соз кылаардан мурун озубузду бир карап алсак.
-9
Qwer007
2019-10-17 21:09:23
Altyn.bala,Атамбаев не кылды атап берчи.. карызга батырганы, монгулорду талкалаганыбы, ак адамдарды камаганыбы? Мен эч кимди колдобойм, башынды иштетип ойлонуп корсон
+9
katerina.li
2019-10-17 21:31:16
Qwer007,монгулор казыр деле талкаланып атат да. Ал жонундо неге айтпайсын
-5
Dembele84
2019-10-18 07:24:30
katerina.li,Сен нени тушунмок элен дарданбай
+3
Dembele84
2019-10-18 07:23:11
Altyn.bala,Дагыле эч нерсени тушунбогон доопарас турбайсынбы
+2
urmat94
2019-10-17 23:21:32
J1irg,ошо эл атып олтуруп атпайбы спецназды алар эмне кылыш керек эле таш мн уруп атса жатып бериш керек беле уруп алгыла деп кичине болсо да башыны иштетип койсон
+3
Bektur2011
2019-10-18 14:17:24
J1irg,Башына к...м Куралды АША колдонду. Жээнбеков АШАны токтотпогондо өлкөнү дагы канга боёмок.
-4
bekmaral
2019-10-17 20:29:57
Бышырып коюптурбу анан таксинди кыбыратып 500 сомбу 400сомбу адал алып журо бер.Койташта б.. барбы.Каяка баратканынды билбединби.Алга жон жеринен чакырбады да балким снайперистсин.
-2
Akshumkar
2019-10-17 22:16:34
Атамбаев качкан жок акырына чейин турду. Бакиев. Акаев качып журот го. Соке куноолу элди дурболонго салбай койсо болмок
-1
urmat94
2019-10-17 22:51:09
Akshumkar,эл озу дурболон кылды эмне соке айдап алып бардыбы кой ташка ушундай болушун билип туруп барыштыго элдер таш токтуруп даярданып атамбаевди коргойбуз деп мен болгондо ошо куну кой ташта жургон элдердин ар бирин жоопко тартмакмын спецназдарга каршылык кылганы учун
+6
Dembele84
2019-10-18 07:27:13
Akshumkar,А мейли кой ташта жата бер,тергоого келбе,оз билгенини кыл,законду уруп ойнобо деп жон коюш керек беле?
-1
Nuri1988Elim2010
2019-10-17 23:01:16
Карапайым элди ойлогон жан бар бекен.Куйбогон жериң күйүп күл болуп кетет да.
+6
Tai19
2019-10-18 00:10:46
Эмнеге барат анда ошо жерде!барбай уйундл жатса мындай нерсе болбойт болчу.рас олтурдунбу жооп бер эми
-1
nazarmat92
2019-10-18 00:24:33
Эмне десенер ошо дегиле бирок,бул жерде Жеенбеков куноолуу. Бир тараптуу.
-6
urmat94
2019-10-18 01:39:16
nazarmat92, Эмнеге Жээнбеков куноолуу???
Атамбаевди Батукаевды мыйзамсыз бошоткон деп куноолоп атат,кубо катары сурака чакырса барбай атат,анан эмне кылыш керек эле сен ушуга жооп берчи? Барбайт экен деп унчукпай отура бериш керекпи же ал башкача адамбы сурака барбагыдай? Атамбаевди жактагандар жооп бергилечи менин суроомо?
+8
nazarmat92
2019-10-18 08:43:34
urmat94,Биринчиден бул жерде Ьатукаев эмес Кой таштагы окуя жонундо талкуу болуп жатат. Баардык эле жерде кылмышка шектууну кармоонун алдында бир адамды киргизип суйлошуу жургузуп, эскертип кайсы органдардан келгенин айтып,анан суйлошууго макул болбогондо гана уйдун ичине куч жиберет. А бул жерде кандай болду,маска кийип алып,эч кандай эскертуусуз эле кирип барышты. Мен деле уйумо эч кандай эскертуусуз эле бироолор кирип келсе атмакмын
-3
nurhan2702
2019-10-18 15:52:03
nazarmat92,эскертилип эле, тепгоого чакырса барбай ,тоготмоксонго салып уйундо кундо майрам кундо той кылып атты го кыжырга тийип. Подхалимдер сагалап отурду АШАнын тамагын кутуп.Башка кыларга иши жокпу дейм да Кой-Таштыктардын.
+1
Dembele84
2019-10-18 07:31:38
Элди чогултуп,окоп жасап,таш токтуруп,согушка даярданып и тергоого келбей законду Уруп ойнобой бекинип жатса,аша ны атып салса да болот эле озу.Чакырганда сразу барып жооп берсе мындай болмок эмес.Баарына Аша куноолуу 100%
+3
taalay25
2019-10-18 11:30:26
Радикальный иштер болуп атты ошондо эле неге кетип калбады анда
+1
bekov01
2019-10-18 13:24:10
Арам тамак аш болбойт екенин неге буканын етин жеп концерт коргондо естеген жоксунар? Аллахтын акыйкатын аткарбай еми адамдан акыйкат издейсинерби? Макмлекеттин келечегин бир кундук курсакка алмаштырып журсонор силер адамсынарбы? Мындай нерсе улутубузду жок кылат. Мекенчилдерди колдогула мен дагы колдойм бирок акчасын албай тамагын жебей ачка туруп болсо дагы колдойлу мекен учун! Бул нерсе менимче туура еле. Камалсын. Башкаларга дагы сабак болсун.
+4
pero5184
2019-10-20 07:42:49
Күнөөсүз болсо чыгарышсын балдарын багыш керек да
0
karabet
2019-10-20 17:59:49
а эмне анан куйонду жибересин, алып калбайт белен уйдо тынчырак. 500 сом мин сом учун жоноттун да
эми чыгар дейсин
билим алыныз эжеке
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан