Бишкектеги Токтогул көчөсү унаалар үчүн убактылуу эки тараптуу болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирет.
Борбор калаанын Москва көчөсүндө оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу Токтогул көчөсүнүн Манас кең көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин эки тараптуу болуп ачылды. Жол 31-октябрга чейин ушундай болот.
Учурда аталган жолдо керектүү жол белгилери коюлууда.