Бүгүн, 18-октябрда 2020-жылга карата республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, парламенттик угууну Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети өткөрөт. Иш-чара саат 14:00дө башталат.
Парламенттик угууга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылды.