Президент Токтогул районунун жашоочулары менен жолугуп, аймактык өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары жөнүндө айтып берди

Президент Сооронбай Жээнбеков 17-октябрда Жалал-Абад облусуна эки күндүк иш сапарын баштады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, биринчи күнү мамлекет башчысы Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушту. Аларга аймактык өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары жана максаттары жөнүндө айтып берди.

Ал облустардагы кичи жана орто ишкерликти колдоо, калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо, ирригациялык долбоорлорду ишке ашыруу, агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү, калк үчүн ипотекалык насыянын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чараларга кеңири токтолду.

Жергиликтүү тургундар таза суу, электр энергияга тарифтер, жолдорду, мектептерди, медициналык жана спорт объектилерин куруу жана оңдоп-түзөө, социалдык төлөмдөр, жер тилкелеринин жетишсиздиги, жерди трансформациялоо маселелерин көтөрүштү.

Мындан сырткары, алар мамлекет башчысына жеке мүнөздөгү, анын ичинде жазуу түрүндө дагы суроолору менен кайрылышты.

Мындан тышкары, иш сапарынын биринчи күнү мамлекет башчысы тигүү цехинин ишмердиги менен таанышып, бал азыктарынын көргөзмөсү жана Токтогул районунун Кара-Тектир айылындагы таза суу боюнча долбоордун ишке ашырылуусунун жүрүшүн көрүп чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
altyn-kumush
2019-10-18 09:25:17
Президентибиздин шайланганына эки жыл болгонуна карабастан эл менен жолугушууну токтоткон жок. Кыргызстан бардык региондорун кыдырып элдин маселесин угуп келүүдө. Талас, жакында эле Жети-Өгүз эми Токтогул районунун тургундары менен жолугшуу өткөрүүдө. Эл менен сен адамсың элден чыксаң жамансың.
-3
J1irg
2019-10-18 10:40:16
altyn-kumush,
Сокенин эке жылдан бери элди алдап келе жатат. Жээнбековту кетиребиз. Соке татыктуу эмес.
+5
TalaCSKA
2019-10-18 09:33:26
Элге лапша илип журо берет экен да.
0
Bektur2011
2019-10-18 10:27:12
TalaCSKA,Лапшаны сага окшогондор илет, анын ушинтип былжырайт.
-3
TalaCSKA
2019-10-18 11:41:52
Bektur2011, Мамлекеттик денгелде кылган бир ишин айтып берчи факты менен.журот ко ар нерсени суйлоп койуп майда барат чарбалык иштер менен алек болуп.
+5
Altyn.bala
2019-10-18 15:45:50
TalaCSKA,мен канча жолу айттым бул Bektur2011 ге далилдеп бере албайт.
0
elchi84
2019-10-18 09:58:15
Айта бербей иш жузундо корсотуш керек айыл окмот аким губернаторлор угуп коюп эле кыймылдабай жатат да.
+7
Bektur2011
2019-10-18 10:27:46
elchi84,Кыймыл болуп, иш жүрүп жатат. Көзүн көрөбү, же сокурсуңбу?
-5
KaGaH
2019-10-18 10:00:51
Дежур чалдар жана аткаминерлер эле отурат залда
+1
Absamat-90
2019-10-18 10:31:07
Эл менен жузмо-жуз корушуп, алардын оюн угуп,оз оюн ортого салып диолог болгондо гана осуу онгуу озгоруу болот.Элдин жузунон, маанайынан коп нерсени байкоого болот.
-1
Ernestinio
2019-10-18 10:39:09
все делается для развитие страны, то есть для наc c вами эу любители писать злые комментарии, критики блин! не вам судить президента!

-5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан