Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев КСДПнын мүчөсү Алга Кылычов менен беттешүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Сагымбаевдин жактоочусу Бакытбек Автандил уулу билдирди.
«Канат Сагымбаев тергөөчүнүн суроолоруна жооп берүүгө даяр. Ага экспертиза дайындалганы тууралуу токтом берилди. Бирок жактоочуларга кандай экспертиза жүргүзүлгөнүн айтышкан жок. Буга чейин Канат Сагымбаев күбө катары өткөн. Жаза процессуалдык кодекстин нормасына ылайык, ага шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү келгенде, экспертиза жүргүзүү керек эле. Андай иш-чаралар өткөрүлгөн эмес", - деди ал.
Маалым болгондой, УКМКнын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев, "массалык баш аламандык", "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "тергөө ишине тоскоолдук кылуу" беренелери боюнча шектүү деп айыпталууда.