Мирбек Айтикеев Кой-Таш окуясынан бери КСДПнын өкүлдөрүнө байланышка чыга элек

Айрым жергиликтүү маалымат булактары КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеевдин үй-бүлөсү менен Швецияда экенин жазды. Анда жазылгандай, Айтикеевдин өлкөдөн качан жана кантип чыгып кеткендиги белгисиз.

Ал эми КСДПнын мүчөлөрү Айтикеев 7-8-августта Кой-Таш окуясы болуп өткөндөн бери аларга байланышка чыкпаганын билдиришти. Партиянын айрым өкүлдөрү ал агасы Адилет Айтикеев менен чогуу, Америкада болушу мүмкүн деп божомолдошот.

Мирбек Айтикеевди Кой-Таш окуясынан кийин күч органдары кармап кетти деген маалымат тараган. Бирок ИИМ КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү жана журналист Мирбек Айтикеев кармалган жок жана суракка да чакырылган эмес деген билдирүү тараткан болчу. Ал 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө спецназдын кирип келгенин биринчилерден болуп кабарлагандардын бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
filis
2019-10-18 13:18:30
Соке далай адамдарды куугунтуктайт. Сокенин колунан башка эч нерсе келбейт.
+4
Bektur2011
2019-10-18 14:46:43
filis,Куугунтук болбой эле бул бала чет өлкөгө кача албай жургөн. Кой-Ташка ушул максатына жетүү үчүн барган. Жээнбековдун тушунда саясий куугунтук эмес, чыныгы кылмышкерлер кармалып жатат. Алжыганды токтотуш керек!
+1
Jelezo
2019-10-18 14:08:24
Жакшылык келген үчүн Атамбаевди дагы кылмыш кылып койбосун бирөө жарым сабап салбасын деп эч кимге көрсөтбөй багып жатбайбы.
-3
Erik2018
2019-10-18 14:49:20
Кыргызстандын УУрулары баарынар Кой Ташка келип бирикиле
+2
Bektur2011
2019-10-18 14:52:37

Кээ бир АШАнын умный дурактары өзүнчө эле акылдуу болуп, жазганын көрүп күлүң келет, мамлекеттен Миллиард акчаларды уурдап, кылмышка күбө катары 3 жолу чакырса келбеген канкорду ###### жуктап жатат. үйгө келген ИИМ кызматкерлерин аткыдай ал жер эмне кыргызстан эмеспи же озүнчө Анклав болдубу эле
0
elchi84
2019-10-18 14:53:38
Мындайларды качырып жибердинерби?
+2
Absamat-90
2019-10-18 14:57:29
Бул байкеси Адилет Айтикеевдин жанына качкан го Америкага.
0
Erik2018
2019-10-18 15:22:51
Айтикеевдерде деле бети жок экен Адилет дегени Атамбаевдин убагында кочуко жеп Америкага качып кетти эле Мирбекги АШАнын кочугун жалайм деп акча адамды эмне гана кылбайт
0
altyn-kumush
2019-10-18 15:46:37
Атамбаевдин жакын адамдарынын бири болгон экени ачык. Анан мен дагы камалып калбайын деп Кыргызстанга коёндун сүрөтүн тартып кетиртир да.
-1
bekmaral
2019-10-18 20:48:25
Кармап туруп тийгизип коюш кк болчу буга дагы.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан