Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди

Ооганстандагы Кичи жана Улуу Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздарга Кыргыз өлкөсүнөн гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Гуманитардык экспедиция памирлик кыргыздарга азык-түлүк, жылуу кийим-кече, жылытуу мештери, дары-дармек, медициналык буюмдар жана башка эң керектүү болгон товарларды жеткирди. Бул үчүн Кыргыз өкмөтү 5 миллион сом бөлгөн. Жалпы жүктүн салмагы 70 тоннаны түздү.

Гуманитардык экспедициянын курамындагы медицина кызматкерлери ал жактагы элди медициналык кароодон өткөрүп, төрөт кабыл алып жана катуу ооруп жаткандарга жардам көрсөтүштү.

Мындан тышкары, гуманитардык экспедициянын мүчөлөрү Кичи жана Улуу Памирдин тургундары менен жолугушуу өткөрүп, анда Кыргыз Республикасынын аймагынан балдарына билим берүү маселесин талкуулашты. Кыргыз тарап бул маселеге жардам берүүгө даяр экендигин билдиришти.

Памирлик кыргыздар Кыргыз Республикасынын бийлигине жана элине колдоо көрсөткөнү жана берген жардам үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Экспедициянын мүчөлөрүн Ооганстан аймагынан аталган мамлекеттин Тышкы иштер министрлигинин, миграциялык кызматтын, Бадахшан провинциясынын жана Вахан районунун администрациясынын өкүлдөрү жана премьер-министринин этникалык кыргыздар маселеси боюнча кеңешчиси Ажи Махмуд тосуп алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
karona12
2019-10-18 14:25:37
Озубуздо канчалагандар ачка ток журушот.
-1
Kuba-savai87
2019-10-18 17:00:52
Бир нерсе кылса эле тетири жагынан айтып чыга калат экен ушу коментериий калтыргандар. Силер кылбагандан кийин олтура берчи азаматсынар деп колду чаап
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан